Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-апрели № 3659-VI
Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө
Өлкөдө терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Covid-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы ал жеткис күч жагдайы деп жарыяласын;
- кризиске каршы комплекстүү программаны иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- кризис мезгилинде банк тутумун сактап калуу боюнча Программа иштеп чыксын;
- укук коргоо органдарын жана салык кызматын кошуп алганда, мамлекеттик органдар тарабынан ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнөн толук бошотсун;
- жарандардын ден-соолугун, коомдук коопсуздукту колдоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн зарыл товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик сатып алууларды жарыялоого убактылуу тыюу салуу киргизсин;
- калкты азык-түлүк менен камсыз кылуучу, медициналык жана турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтүүчү субъекттерди кошпогондо, калкка кызмат көрсөтүүчү, соода жүргүзүүчү субъекттердин, мекемелердин иштери кырдаал турукташканга чейин токтотулсун;
- БСД тапшыруу мөөнөттөрүн узартуу жана салык отчетторунун мөөнөттөрүн жылдыруу жөнүндө маселени карасын;
- Covid-19 коронавирус инфекциясы оорусун аныктоого мүмкүндүк берүүчү экспресс-тесттерди, ошондой эле өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттарды сатып алсын;
- Covid-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн медициналык окуу жайлардын окутуучулар курамын жана жогорку курстарынын студенттерин тартсын;
- кары-картаңдарга, жалгыз жашагандарга жана жарандардын башка аярлуу категорияларына жардам көрсөтүү үчүн социалдык кызматкерлердин штаттык санын көбөйтүү, ошондой эле алардык эмгек акыларын жогорулатуу маселесин карасын;
- кырдаалды турукташтыруу мезгилинде обсервацияда турган жарандар менен иштөөнүн өзгөчө шарттарында Covid-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусу менен күрөшүүгө тартылган медициналык кызматкерлердин эмгек акысына кошумча акы төлөп берүү маселесин карасын;
- укук коргоо органдарынын, калкты тейлөө борборлорунун, Мамлекеттик каттоо кызматкерлерин жана калк менен түздөн-түз байланышта иштеген башка адамдарды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылсын;
- вирустун жайылышынан коргоо жана Covid-19 коронавирус инфекциясына жол бербөөнүн бардык деңгээлдеринде (анын ичинде врачтар жарандарды обсервация жана карантин мекемелеринде байкоо убагында) врачтарды жана башка медициналык кызматкерлерди чумага каршы костюмдар жана коргоонун башка предметтери менен камсыз кылсын;
- балдары бала бакчаларга барган кызматкерлерге жана өнөкөт оорулары бар, жаш курагы 60 жаштан жогору адамдарга жеңилдетилген график боюнча үйдө иштөөсү үчүн шарттарды түзсүн;
- түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өз убагында кайрылбаганы себептүү Кыргыз Республикасынын аймагына келишкен жарандар үчүн республикада жүрүү мөөнөттөрүн айып санкцияларын колдонбостон узартуу боюнча иш жүргүзсүн жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизсин, ошондой эле өлкөдө болуу мөөнөттөрүн узартуу боюнча бирдей шарттарды колдонуу жаатында мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- электр энергиясы үчүн акы төлөөнү эсептөө үчүн 700 кВт с. жогору электр энергиясы боюнча калк үчүн белгиленген лимитти алып салуу сунушталсын;
- карантиндик чаралар колдонулган убакта, калкка коммуналдык төлөмдөр боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну берсин;
- мамлекеттик жерди кошуп алганда, мамлекеттик мүлккө ижара акысын төлөөдөн бошотуу тууралуу маселени карасын;
- республикалык бюджеттин корголбогон статьяларынын чыгымдарын азайтуу боюнча чараларды көрсүн;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6 жана 15-пункттарына ылайык, зарыл дары-дармек, медициналык каражаттарды жана биринчи зарылдыктагы товарларды сатып алууну түздөн-түз келишим түзүү усулу менен жүргүзсүн;
- мамлекеттик материалдык резервди биринчи зарылдыктагы азык-түлүк менен толуктоо жана калкты алар менен камсыз кылуу үчүн азык-түлүк товарларын өндүрүүчү ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана бул максаттарга бюджеттен каражаттарды бөлсүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары санитардык ченемдердин талаптарын жана эрежелерин сактоо үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер-жерлерде биринчи зарылдыктагы товарлардын баасына мониторинг жүргүзсүн, баалардын өсүшүнө калктын даттанууларын кабыл алуу боюнча күнү-түнү иштөөчү борбор ачсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизмекке ылайык биринчи зарылдыктагы товарларды жана медициналык дайындалыштагы айрым буюмдарды жана дары-дармек каражаттарын ташып чыгууга тыюу салсын;
- дипломатиялык каналдар аркылуу өлкөдө Covid-2019 коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүүлөрү тууралуу эл аралык уюмдарга кайрылсын;
- товар ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн Кытай Эл Республикасы менен чек араларды ачуу жөнүндө маселени карасын;
- Россия Федерациясы менен жаратылыш газын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууда улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды төмөндөтүү боюнча маселени карасын;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жогорку окуу жайлары менен биргеликте мектеп окуучуларын жана студенттерди окутуу үчүн онлайн-платформаларды иштеп чыгууну тапшырсын;
- мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинде мамлекеттин үлүшү бар ишканаларды, ошондой эле коомдук транспорттун ээлерин дезинфекциялоо каражаттарын орнотууга милдеттендирсин;
- мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын, мобилдик байланыш операторлорун жарандарды Covid-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоочу чаралар жөнүндө кабарландырууга милдеттендирсин;
- көп учурларда маалыматтар белгилүү бир мезгилден кийин бөгөттөлүп, акысын төлөө менен гана жеткиликтүү болот, ошондуктан жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет-сайттары Covid-2019 коронавирус инфекциясынын алдын алууга жана күрөшүүгө тийиштүү маалыматтарга жана адистердин сунуштамаларына калктын эркин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттендирсин;
- коомчулукту, калкты толук жана ачык-айкын маалыматтар менен камсыз кылсын;
- өткөрмө пункттарында Кыргызстанга келип жаткан чет элдик жарандар чек арадан өтүп жатканда контролдоо чараларын күчөтсүн;
- Covid-2019 коронавирус инфекциясына шектүү жарандарды кармоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мейманканаларда карантин пункттарын уюштуруу (акысыз) мүмкүнчүлүгүн карасын;
- өлкө аймагына Covid-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча республикалык штаб кабыл алган чечимдерди, чектөөлөрдү жана жалпы тартипти сактоо чараларын контролдоону күчөтсүн;
- жагдай турукташканга чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө альтернативдик кызмат өтөп жаткан жарандардын ар айлык төлөмдөрүн кийинкиге жылдырсын жана өз убагында төлөнбөгөнү үчүн айып пул салынбасын;
- жагдай турукташканга чейин ишкерлер мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөргө ижара акыларын төлөөдөн бошотулсун;
- өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу банктар жарандардын барууларына уруксат берилген объекттердин (бейтапканалар, дарыканалар, дүкөндөр) тизмегине киргизилсин;
- жер салыгынан жана мүлккө салыктан бошотууну кошуп алганда, карантиндик чараларды киргизишине байланыштуу ишине тыюу салынган убакта салыктык жана социалдык чегерүүлөрдү төлөөгө каникулдарды карасын;
- транспорттук чыгымдарды эске алуу менен азык-түлүктү сатып алуунун наркынан улам баалардын деңгээлин (АКШ долларында) жана азык-түлүктүн түрүнө жараша рентабелдүүлүктү (5-10%) контролдоону аныктоонун усулун бекитсин;
- үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата абал боюнча Мамлекеттик резерв үчүн айыл чарба азык-түлүктөрүн (буудай, жүгөрү, арпа жана башкалар) сатып алуу баасын аныктасын жана жарыяласын жана форварддык бүтүмдөрдү түзсүн;
- валюта инфляциясына жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди кыскартуу боюнча иштерди координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жетектеген бирдиктүү штабды түзүү сунушталсын (азыркы убакта Кыргыз Республикасынын үч вице-премьер-министри ар башка үч штабды жетектейт);
- төмөнкүлөрдү кошуп алганда, милдеттүү түрдө өлкөдө ишкердик ишти жүргүзүү шарттарын координалдуу жакшыртуучу түзүмдүк реформалардын пакетин иштеп чыксын жана кабыл алсын:
адилеттүү сот тутумун түзүү;
салыктык администрациялоону кескин жөнөкөйлөтүү жана бардык баскычтарда фискалдаштырууну киргизүү менен салыктардын санын кыскартуу;
социалдык чегерүүлөрдүн өлчөмүн кыскартуу, социалдык салыкты киргизүү жана топтолмо пенсиялык тутумга өтүү;
бизнести толук цифралык форматта текшерүүгө өтүү;
ишкердик ишти жөнгө салууну кыскартуу, бизнестин өзүн-өзү жөнгө салуу принцибине өтүүсү жана адам факторун жокко чыгаруу;
бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссиянын контролдоосу алдында салык жана бажы кызматын толук реформалоо;
экономикалык кылмыштарды декриминизациялоо;
менчик укуктарын коргоону жана инвесторлор үчүн кепилдиктерди камсыз кылуу;
стратегиялык маанидеги объекттерди кошпогондо, мамлекеттик мүлктү жапырт менчиктештирүү;
көмүскө экономиканы төмөндөтүү максатында накталай эмес төлөмдөрдү, товарларды көзөмөлдөө принцибин киргизүү;
экономикалык негизделген тарифтерге өтүү;
ири улуттук инфратүзүмдүк долбоорлорду киргизүү;
- ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана үстүбүздөгү жылдын 15-апрелине чейин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык коррупцияга каршы эсептердин каражаттарын кошо алганда, бюджеттик каражаттардан жана бюджеттен тышкары булактардын каражаттарынан Covid-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн мамлекеттик резервдик фонд түзсүн;
- акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарга акционердик коомдордун жыйналыштарын өткөрүү мөөнөттөрүн узартууну караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана/же акционерлердин жыйналыштарын алыстан жеткиликтүүлүктө өткөрүү механизмдерин иштеп чыксын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте:
- Кыргыз Республикасынын жарандары жана ата мекендик компаниялар алган чет өлкөлүк валютадагы насыяларды кайра түзүмдөштүрүү тартибин иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- мамлекеттик ипотека программасы боюнча насыяларды төлөө мөөнөттөрүн узартсын;
- тышкы карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана үчүнчү өлкөлөрдүн алдында жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен келишимдердин алкагында милдеттенмелерге байланыштуу бышмана боюнча айып пулдарды колдонбоо сүйлөшүүлөрүн жүргүзсүн;
- киреше салыгын алуусуз жана социалдык Фондго чегерүүлөрсүз кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө юридикалык жактар үчүн 3 айлык мөөнөткө максаттуу пайызсыз насыяларды берүүнү карасын;
- өзгөчө абал режими дагы бир айга узартылган учурда, жеке эмгек иши менен алектенген (ЖЭИ) жеке жактарга минималдуу керектөө себетинин өлчөмүндө эмгек акы төлөөгө максаттуу пайызсыз насыяларды берүүнү карасын;
- кызматкерлердин эмгек акысын төлөө үчүн мамлекеттик жогорку окуу жайларына пайызсыз ссудаларды берүүнү карасын;
- Депозиттерди коргоо фондунун жана Кепилдик фондунун аналогиясы боюнча токсикалык (көйгөйлүү) насыяларды сатып алуу Фондун түзсүн жана бул максаттарга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттарынан 100 млн. доллар багытталсын;
- өзгөчө абал режими аяктагандан кийин ишкердик субъекттеринин ишин колдоо үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жеңилдетилген насыяларды берсин жана бул максаттар үчүн, аны 500 млн. АКШ долларына чейин толуктоо менен Мамлекеттик бюджеттик резерв тартылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- Covid-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү мезгилине үстөк пайыздарды жана туумдарды эсептөөнү токтото туруу, пайыздык ставкаларды төмөндөтүү, берилген насыяларды төлөө боюнча кийинкиге жылдырууларды берүү, насыя каникулдарын киргизүү боюнча чараларды көрсүн;
- коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-насыя мекемелери үчүн насыяларды жабуунун эсебинен зайымчылардан төлөмдөрдү дүйнөлүк рыноктордогу кырдаалдарга байланыштуу доллардын курсу көтөрүлгөнгө чейин белгиленген курс боюнча (2020-жылдын 10-мартына карата абал боюнча) кабыл алууга милдеттендирген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансы-насыя мекемелерине төмөнкүлөр тапшырылсын:
коронавирус пандемиясынан жабыр тарткан, ооруп калган же аргасыз карантинде турган зайымчыларга айып пулдарды жана айып төлөмдөрүн чегерүүсүз, үч айдан кем эмес мөөнөткө насыя төлөмдөрү боюнча жабуу мөөнөттөрүн узартуу. Зайымчылардын мөөнөтү өтүп кеткен насыялар жана чегерилген пайыздар боюнча карыздары айып пулдарды жана айып төлөмдөрүн чегерүүсүз узартылган насыя келишиминин (кошумча макулдашуунун) колдонулуу мөөнөтүнө тең үлүштөрдө бөлүштүрүү;
катарына банктык эсептерге аралыктан жетүүнүн ар кыл тутумдары, интернет-банкингдер, SMS кабарландыруу ж.б. кирген, төлөмдөрдү жүргүзүүнүн жаңы технологияларын колдонуу жолу менен, интернет жана уюлдук телефондор аркылуу эсептерди аралыктан ачууну, арыздарды кабыл алууну жана тейлөөнү жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө сунуш киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы кырдаал турукташканга чейин, кечиктирилгис мүнөздөгү иштерди кошпогондо, соттук отурумдарды, процесстерди токтото туруу жөнүндө маселени карасын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |