Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-марты № 3650-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-мартындагы кезексиз жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-мартындагы кезексиз жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 55 Жарлыгын бекитүү тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 56 Жарлыгын бекитүү тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 57 Жарлыгын бекитүү тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы № 3649-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |