Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 3668-VI
COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөн кайтып келүүсү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөн кайтып келүүсү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөн кайтып келүүсү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри К.А.Бороновдун, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы эске алынсын.
2. COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөн кайтып келүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин жетишсиздиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөн кайтып келүүсү боюнча транспорттук коридорду, чартердик каттамдарды жана башка иш-чараларды уюштуруу боюнча бир жумалык мөөнөттө чараларды көрүү;
- пандемияга байланыштуу аргасыз чет өлкөдө калышкан Кыргыз Республикасынын муктаж жарандарына республикалык бюджеттен жардам көрсөтүүгө финансылык каражаттарды бөлүү;
- коронавирус кырдаалынан улам аргасыз чет өлкөдө калышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын турган жерлери жөнүндө толук маалымат берүү;
- аргасыз чет өлкөдө калышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана аларга конкреттүү жардамдарды көрсөтүү боюнча ишти күчөтүү;
- жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө жуманын ар бир бейшембисинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине маалымдоо.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |