Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 3669-VI
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында азык-түлүк коопсуздугун, 2020-жылдын жазгы-талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу тууралуу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча ишке тартылган адамдарды талаптагыдай эмгек шарттары жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жана медициналык уюмдардын кызматчыларына, укук коргоо органдарынын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кошумча кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө тууралуу
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында азык-түлүк коопсуздугун, 2020-жылдын жазгы-талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу тууралуу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча ишке тартылган адамдарды талаптагыдай эмгек шарттары жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жана медициналык уюмдардын кызматчыларына, укук коргоо органдарынын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кошумча кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө тууралуу, ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө учурдагы абал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Э.Ш.Асрандиевдин жана А.Ж.Исмаилованын, Бишкек шаарынын коменданты А.К.Орозалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри С.Т.Абдикеримовдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын ϴкмөтү:
- валюталык инфляцияга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу социалдык-экономикалык кесепеттерди кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн Кризиске каршы комплекстүү программасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- бизнести колдоо үчүн каралган 14 млрд. сомду максаттуу жана даректүү пайдалануу боюнча ыкчам чараларды көрсүн. Бизнестин кайсы субъекттери жана кандай шарттарда колдоого алынары жөнүндө жарандарга өз убагында жана толук көлөмдө маалымдасын;
- жумушчу орундарын максималдуу сактоо жана туруктуу салыктарды камсыз кылуу максатында иш чөйрөсүнө жараша бизнес субъекттери үчүн кийинки жылга 3 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө салыктык каникулдарды карасын;
- калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн, жана ошого жараша компаниялардын кирешелеринин төмөндөө тенденциясын эске алуу менен, ата мекендик ишканаларды колдоо жана келечекте өнүгүү үчүн түрткү берүү максатында кризис мезгилинде экономиканын, биринчи кезекте өндүрүү жана кайра иштетүү чөйрөлөрүнүн айрым секторлору үчүн салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төмөндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
- биринчи кезекте өндүрүш же кайра иштетүү максатында ишканалар жана экинчи кезекте, чакан жана орто бизнес субъекттери алган насыялар боюнча пайыздарды төлөө үчүн субсидияларды бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- менчигинин формасына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында мекемелерде жана уюмдарда эмгек ишин жүзөгө ашырган, эмгек акысы төлөнбөстөн эмгек өргүүсүнө чыгууга аргасыз болушканына байланыштуу кирешелерин жоготкон Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле өзгөчө кырдаалды киргизүүгө байланыштуу кирешелерин жоготкон жеке ишкердик ишти жүзөгө ашырган жактарга тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн карасын жана ай сайын төлөөлөрдүн өлчөмдөрүн жана тартибин аныктасын;
- эл аралык финансылык институттардын жана мамлекеттердин бардык жардамдарын Мамлекеттик резервдик фонддун эсебине чегерсин;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине кирешелерге ылайык чыгашаларды жасоого мүмкүнчүлүк берүүчү өзгөртүү киргизсин, Республикалык бюджеттин кассалык аткарылышына уруксат берсин;
- коронавирус менен күрөшүү боюнча атайын эсепке келип түшкөн акчалай каражаттарды бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун, эл аралык финансылык институттардан, уюмдардан, юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылсын;
- бир жумалык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, азык-түлүк кризисинин же коркунучунун келип чыгуусун болтурбоо, республиканы азык-түлүк менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен байланышкан башкаруу жана стратегиялык жана ыкчам мүнөздөгү чечимдерди кабыл алуу боюнча иш-аракеттерди координациялоо максатында, азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча Кеңешти түзсүн;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн, күйүүчү-майлоочу материалдарды, минералдык жер семирткичтерди жана химикаттарды, ошондой эле айыл чарба техникаларынын запастык бөлүктөрүн жана жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн зарыл курама жабдууларды ташып жеткирүүчүлөр үчүн өлкөнүн бүткүл аймагы боюнча тозот-күзөттөрүнөн тоскоолдуксуз өтүүлөрүн камсыз кылуу боюнча шарттарды түзсүн, ошондой эле өзгөчө көзөмөлгө алсын;
- бардык айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөөнү, күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер жана химикаттар менен толук көлөмдө камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү жана жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн каражаттарды алуунун шарттары тууралуу кабарландырсын;
- 2020-жылдын апрелинде аба ырайынын шарттарынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу үшүк жүргөн региондордо зыяндын ордун толтуруу үчүн дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды жана ссудаларды берүүнү карасын;
- медициналык кызматчылардын, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин талаптагыдай эмгек шарттары жана коронавирус инфекциясы менен натыйжалуу күрөшүү үчүн бардык зарыл коргоо каражаттары менен камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин шарттарында милдеттерин аткарып жатышкан медициналык кызматчыларга, укук коргоо органдарынын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине (КР БШ, КИМК, КР УКМК, КР МЧК, КР ИИМ, КР ӨКМ, КРӨ караштуу ЭККМК, КРӨ караштуу ЖАМК, КРӨ караштуу МБК) компенсацияларды өз убагында төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө Жобого" ыкчам тартипте тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында милдеттерин аткарып жатышкан укук коргоо органдарынын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусуна жол бербөө максатында контролго алсын жана алардын өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкактарында жүзөгө ашырылышы боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат районунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, ошондой эле Нарын шаарынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун коменданттары калк менен минималдуу байланышта болгон (барыдан мурда курулуш, өнөр жай жана тейлөө чөйрөсүндөгү (автожуучу, автоөнөркана, майда дүкөндөр жана д.у.с.) ишкердиктин айрым түрлөрүнө санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо шартында ишти кайра жандандыруу боюнча чараларды бара-бара киргизүү мүмкүнчүлүгүн карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы укук коргоо органдары тарабынан медициналык кызматчыларга кысым көрсөтүү жана медициналык кызматчылардын коронавирус инфекциясын массалык жугузуп алуу фактыларын текшерсин. Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берсин. Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча жер-жерлердеги иштин айкын абалы жөнүндө маалыматтарды таратканы үчүн куугунтуктоону токтотуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |