Редакцияот 01.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 1-апрели № 3655-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Инновациялык иш жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

Исмаилова Аида Жекшенбаевнаны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна дайындоону жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы жөнүндө;

Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичти Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоону жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков