Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-майы № 3740-VI
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2019-жыл үчүн отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовдун 2019-жыл үчүн отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовдун 2019-жыл үчүн отчету бекитилсин жана канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу жана жоюу боюнча, анын ичинде прокуратура органдарынын ичинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти күчөтсүн;
- жазык иштери боюнча айып пул түрүндө жазаларды аткаруу бөлүгүндө соттук чечимдерди аткаруу боюнча чараларды күчөтсүн;
- "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун бардык мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышына багытталган ишти улантсын;
- келүүнү камсыз кылуу тууралуу соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жолу менен процесстин катышуучуларынын келүүсүн камсыз кылуу боюнча ишти күчөтсүн;
- коррупция, паракордук жөнүндө жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө жазык иштери боюнча иликтөө маселесин өзгөчө контролго алсын жана бардык жылдар үчүн статистикалык карточкаларды коюу менен бардык иштер боюнча биротоло чечим кабыл алууну камсыз кылсын;
- 2020-жылы прокуратура органдарында 93 жазык ишинин калганын текшерсин жана Жазык-процесстик кодексинин 153-беренесине ылайык тергөө караштуулугу боюнча иштерди прокуратура органдарынан (аскер прокуратурасынан тышкары) укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү маселесин чечсин;
- 2020-жылы бардык укук коргоо органдарында жоголгон, уурдалган жана жок кылынган (күйүп кеткен) жазык иштерин калыбына келтирүү боюнча ишти бүтүрсүн;
- 2020-жылы укук коргоо органдарында жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун статистикалык карточкалары боюнча карыздарды жоюу боюнча ишти бүтүрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2021-жылдын 1-январына чейин берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |