Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-майы № 3738-VI
Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:
- селдин натыйжасында жабыркаган калкка зарыл материалдык, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүү боюнча токтоосуз чараларды көрүү;
- жылдын аягына чейин Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак, Маргун, Ак-Суу жана Исфана шаарынын Сумбул айылдык аймактарында турган, сел жүрүүдөн жабыркаган социалдык жана өндүрүштүк объекттерди оңдоо-калыбына келтирүү иштерин бүткөрүү;
- калктын транспорттук көз карандысыздыгын жана калктуу конуштардын ортосундагы автотранспорттук каттамдарды үзгүлтүксүз уюштуруу максатында селдин натыйжасында бузулган Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу, Даргум жана Даргаз айылдарындагы автомобиль жолун куруу маселесин чечүү; Баткен облусунун Лейлек районунун көрсөтүлгөн участокторундагы автомобиль жолдорун изилдөө боюнча кайра мониторинг жүргүзүү;
- Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана-Ак-Дарак-Көк-Таш участогунун 10-27 км, Самат-Замборуч-Жар-Кыштак участогунун 8-27 км автомобиль жолдорун тазалоо иштерин жүргүзүү;
- Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын Исфана дарыясынын МАИ-Исфансай-1 посту, Беш-Бала участокторунда, Тайлан, Калта-Кол дарыясынын, Тогуз-Булак айылдык аймагынын Тогуз-Булак дарыясынын Кара-Ой участогунда тазалоо-калыбына келтирүү иштерин улантуу;
- төмөнкү дарыялардын кооптуу участокторунда жээктердин нугун жууп кетүүгө тоскоол болуучу жээк бекемдөөчү иштерин тезинен жүргүзүү:
Жалал-Абад облусунда - Аксы районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын Ак-Терек дарыясынын Тосту, Туюк-Жар, Кара-Башат жана Өлөң-Булак участокторунда, Жаңы-Жол айылдык аймагынын Малгалды дарыясынын Арал участогунда, Кара-Суу айылдык аймагынын Кезарт жана Чолок-Терек участокторунда;
Баткен облусунда - Лейлек районунун Исфана шаарынын Тайлан жана Кара-Кол дарыясынын МАИ-Исфансай-1 посту жана Беш-Бала участокторунда, Тогуз-Булак айылдык аймагынын Тогуз-Булак дарыясынын Кара-Ой участогунда, Исфана шаарынын Шор-Булак дарыясында, Ак-Суу айылдык аймагынын Суу-Башы дарыясында; Кадамжай районунун Жал-Сай дарыясынын Кызыл-Кыя участогунда;
- Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин натыйжасында бузулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу объекттерин жана сугат тутумдарын калыбына келтирүү боюнча иштерди ыкчам тартипте жүргүзүү;
- атайын инженердик жана башка техникаларды сатып алуу, ошондой эле тиешелүү министрликтерде жана ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана жеке коргонуу каражаттарынын белгиленген запастарын сатып алуу үчүн өзгөчө кырдаалдарды жоюу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүүнү кароо;
- жеке жана юридикалык жактарга түпкүлүгү кооптуу участоктордо социалдык объекттерди жана турак үйлөрдү курууга тыюу салуу;
- өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусун минималдаштыруу максатында түпкүлүгү кооптуу участоктордо жашыл бак-дарактарды отургузуу боюнча чараларды көрүү;
- мүмкүн болуучу кыйроолордун келип чыгуусун болжолдоо, мүмкүн болуучу кыйроолорду баалоо жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын кыйратуучу кесепеттеринин алдын алуу боюнча зарыл чараларды аныктоо боюнча илимий-изилдөө иштерин каржылоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын илимдер академиясына тиешелүү илимий институттары менен өз ара аракеттенүү;
- ЖМК менен биргеликте жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтириши мүмкүн болгон табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда калкты коргонуу ыкмаларына жана аракеттерине үйрөтүү боюнча чаралардын комплексин жүргүзүү;
- жарандардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыруунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
- табигый кырсык коркунучунда калкты кабарландыруу тутумун даярдыкка келтирүү;
- түпкүлүгү кооптуу участоктордо социалдык объекттерди курууга жол берген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 20-июнуна чейин көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |