КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 3761-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.К.Конушбаевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.К.Конушбаев жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлансын.
2. " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 6-пунктчасынын экинчи абзацында "А.М.Эргешов" деген сөздөр "Т.К.Конушбаев" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |