Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-июну № 3870-VI
"2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына карата Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 22-майындагы № 270 токтому) "2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына карата Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |