Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 3903-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерге сунуштаманы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 94-беренесинин 6-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Атаназаров Нурланбек Алайдинович курактык чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |