КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 27-июлу N 321 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 8-10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы күндөрүн өткөрүү жөнүндө 2005-жылдын 8-10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Москва шаарын-дагы күндөрүн өткөрүүгө даярдык көрүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы күндөрүнө даярдыккөрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу ко-митети) тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Уюштуруу комитети программа түзүү, расмий, маданий делегация-лардын курамдарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагыкүндөрүн өткөрүү боюнча даярдык көрүү иштерин жүргүзсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюд-жеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүүбоюнча мамлекеттик комиссияга "2005-жылга Кыргыз Республикасынын бюдже-тине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынындолбооруна кийин өзгөртүү киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Москвашаарындагы күндөрүнө даярдык көрүү жана өткөрүүгө 4,9 млн. сом сумма-сында кошумча каражат бөлүп берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эл аралык прото-колго ылайык Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы күндөрүн өткөрүүменен байланышкан иш-чараларды уюштуруу боюнча маселелерди чечсин. 5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына радиожана телекөрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагыкүндөрүн чагылдырууну камсыз кылуу сунушталсын. 6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Москва шаарындагы күндөрүнүн катышуучуларынын барып-келүү кооп-суздугун камсыз кылсын. 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйымдарды албастан Москва шаа-рына убактылуу алып барылуучу концерттик реквизитти, музыкалык аспап-тарды, техникалык жабдууларды жана көргөзмөлөрдүн экспонаттарын тоско-олдуксуз жана өз учурунда бажылык тариздөөнү камсыз кылсын. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июлундагы N 321 токтомуна тиркеме 2005-жылдын 8-10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы күндөрүнө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, уюштуруу комитетинин төра- гасы; Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мада- ниятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Жапаров А.У. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин мил- детин аткаруучу; Отунбаева Р.И. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу; Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу; Муралиев А.М. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин атка- руучу; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин милдетин аткаруучу; Асанов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаш- тар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу; Нурматова Р.З. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Абдрахманов С.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпо- рациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Салымбеков А.М. - Бишкек шаарынын мэри; Мырзабеков Э.Б. - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); Омаркулов С.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле- кеттик бажы инспекциясынын директору; Осмонов Б.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мада- ниятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары. Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу - министр А.Исабеков