Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-июну № 3799-VI
Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормаларынын жогорулатуу бөлүгүндө социалдык коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында Жогорку Кеңештин депутаты К.Дж.Рыспаев аскер пенсионерлеринин кайрылуусу боюнча аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормаларынын төмөндүгү тууралуу маселе көтөргөн. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине азык-түлүк паегунун нормаларын жогорулатуу боюнча маселени кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-январындагы № 413-VI протоколдук тапшырмасы берилген.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 токтому менен аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары килокалорияларда бекитилген.
Россия Федерациясынын, Казакстандын жана Өзбекстандын белгиленген нормалары менен жүргүзүлгөн салыштырма талдоонун натыйжасында Кыргыз Республикасында жалпы аскердик паектун нормасы 4008,0 ккал түзөрүн көрсөттү (иш жүзүндөгү наркы 130 сом, ал эми 2017-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген нарк - 70 сом). Ошол эле убакта Россия Федерациясында - 4400 ккал (230 с.), Казахстан Республикасында - 4351 ккал (248 с.), Өзбекстан Республикасында - 4255 ккал (180 с.).
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет аскер кызматчыларына кызматтын негизги мүнөзүн эске алуу менен алар аскер кызматынын милдеттерин аткарышы үчүн зарыл болгон материалдык жана башка шарттарды түзүп берет. Эл чарбасынын кызматкерлерине жана адистерине, мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы жогорулаганда жана жашоо наркынын индекси өзгөрүлгөндө аскер кызматчыларынын акча менен камсыз болушунун нормалары да жогорулайт.
Азык-түлүк паегунун нормалары 2002-жылдан тартып жогорулабагандыгын жана жогоруда көрсөтүлгөн өлкөлөрдөн олуттуу айырмаланарын белгилөө керек. Ошол убакыттан бери азык-түлүк паегунун нормаларын жогорулатуу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (Өкмөттүн Аппаратынын 2020-жылдын 25-февралындагы катына ылайык (чыг. № 23-5414) бир нече ирет көтөрүлгөн, бирок каржы каражаттарынын жетишсиздигинен чечилбеген бойдон калган.
Азыркы учурда азык-түлүк паегунун нормасын 4736 ккалга чейин жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыккан жана мамлекеттик органдар менен макулдашылган, бул 180 сомду түзөт. Кошумча 117 млн. сом издеп табуу зарылдыгына байланыштуу азык-түлүк паегун жогорулатуу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунда турат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Дж.Рыепаевдин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ш.Асрандиевдин, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.Дж.Тердикбаевдин, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаковдун мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормаларын жогорулатуу бөлүгүндө социалдык коргоо жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Дж.Рыепаевдин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ш.Асрандиевдин, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.Дж.Тердикбаевдин, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаковдун маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормаларын жогорулатуу маселесин чечсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормаларын жогорулатууга зарыл акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинде карасын;
- ушул токтомдун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кабарласын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |