Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 4001-VI
"2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыз кылуу жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү боюнча КМШга катышкан-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 25-мартындагы № 185 токтому) "2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыз кылуу жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү боюнча КМШга катышкан-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун келип түткөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |