КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 4040-VI
"Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын 4-мартындагы № 129 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, Ж.К.Акаев, П.Г.Каримов. Е.Г.Строкова, М.И.Бакиров, А.Ш.Жээнбеков, К.К.Керезбеков, А.Т.Сулайманов, А.К.Касымалиева демилгелеген "Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |