Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 3902-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12 депутатынан турган убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Төмөнкү депутаттар убактылуу эсептөө комиссиясынын курамына шайлансын:
О.М.Бакиров,
Н.Т.Каримов,
И.А.Маннанов,
Е.Г.Строкова - Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы парламенттик фракциясынан;
А.К.Бешимбаева,
С.А.Келдибаев,
М.А.Маматалиев - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
Н.К.Алимбеков,
A.C.Токторов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Н.A.Айдаров - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Э.С.Тагаев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
С.К.Нышанов - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |