Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 3968-VI
"Электр станциялары" жана "Кыргыз улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча 2020-2022-жылдары жоюлууга жаткан карыздарын комплекстүү кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Электр станциялары" жана "Кыргыз улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча 2020-2022-жылдары жоюлууга жаткан карыздарын комплекстүү кайра түзүмдөштүрүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Электр станциялары" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча 2020-2022-жылдары жоюлууга жаткан карыздарын кайра түзүмдөштүрүүнүн сунушталган шарттарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-июнундагы № 222-б буйругунун 1 жана 2-пункттарына ылайык ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |