КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-сентябры № 4076-VI
"2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1999-жылдын 13-апрелиндеги кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 3-декабрындагы № 653 токтому) "2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1999-жылдын 13-апрелиндеги кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |