Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 3823-VI
Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин жана Ысык-Көл областынын аймагында жайгашкан ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтердин абалы жөнүндө
Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин имараты 1926-27-жылдарда мектеп катары курулган. Фундаменти топурактан жана таштан, дубалы топурак кыштан курулган.
Азыркы убакта имараттын фундаменти чөгүп, дубалдарынын көпчүлүк бөлүгүндө 1,5-2 сантиметр жаракалар бар. Ысык-Көл регионунун Өзгөчө кырдаалдар жана архитектура жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы имараттын авариялык абалын эске алып, кыйроо кооптуулугу тууралуу чечим чыгарган. Музей советтик мезгилден бери иштеп келе жатат жана имараттын курулганына 94 жыл болду. Азыр имарат авариялык абалда турат жана мамлекеттик стандарттарга жооп бербейт, натыйжада музейлик баалуулуктарга эле эмес, ошондой эле кызматкерлердин жана музейге келүүчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирүүдө. Аларга дайым коопсуздук шарттарын сактоого туура келүүдө.
Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин курамына кирген ачык асман алдындагы Чолпон-Ата петроглифтери, Өрнөк жана Сары-Камыш петроглифтери 42 га жерди ээлейт жана мындан ары иликтөөгө жана коргоого муктаж. Андан тышкары, Ысык-Көл областынын башка аймактарында саймалуу таштар, байыркы шаар урандылары, мүрзөлөр түрүндөгү эстеликтер бар. Азыркы учурда аларды коргоого алуу жана зарыл адистерди даярдоо керек.
Маданий мурастарды сактоо жана кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү, Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин абалын жакшыртуу жана Ысык-Көл областынын аймагында жайгашкан ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтерди коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин жаңы имаратын куруу боюнча иштиктүү чараларды көрсүн; республикалык бюджеттен жана башка булактардан каражаттарды издеп табуу тууралуу маселени карасын;
- Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын балансында турган корук-музейдин жогорулда эскерилген имаратын ага канатташ аймагы менен (14 сотук) Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейи мекемесинин балансына өткөрүп берсин;
- ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтерди жана Ысык-Көл районунун аймагында жайгашкан бардык эстеликтерди Ысык-Кел мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин балансына бекитип берсин;
- Чолпон-Атадагы ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтерди жана Ысык-Көл областынын аймагындагы бардык эстеликтерди тактоо жана тосмолоо боюнча чараларды көрсүн;
- туристтик объекттер катары көрсөтмө-жарнамалык көрсөткүчтөрдү, маалыматтык такталарды орнотуу, жолдорду, кызматкерлер үчүн офистик жайларды, касса үчүн жайды, чоң эмес көргөзмө залын, автоунаалар үчүн токтоочу жайды куруу боюнча чараларды көрсүн;
- аймагында эстеликтер жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында атайын бирден штаттык бирдикти карасын;
- Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин статусун көтөрүү жана штаттык санын көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |