Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 3913-VI
"2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 20-февралындагы № 99 токтому) "2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүн окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |