Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-сентябры № 4073-VI
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Арипов Назарали Турдалиевичти ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Арипов Назарали Турдалиевич ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |