Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-сентябры № 4074-VI
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун жана 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Шайназаров Тынчтык Урайимович шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун үчүнчү абзацындагы "Арипов Назарали Турдалиевич" деген сөздөр "Шайназаров Тынчтык Урайимович" деген сөздөр менен- алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |