Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-сентябры № 4090-VI
"2020-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ортосундагы 2018-жылдын 26-январындагы каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Мульти-донордук трасттык фондунун энергетикалык секторун башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын администратору катары чыгуучулар - TF072490, TF071398 мурастоочу) ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 20-августундагы № 426 токтому) "2020-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ортосундагы 2018-жылдын 26-январындагы каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Мульти-донордук трасттык фондунун энергетикалык секторун башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын администратору катары чыгуучулар - TF072490, TF071398 мурастоочу) ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |