Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-сентябры № 4100-VI
"2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 2-сентябрындагы № 464 токтому) "2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |