Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-октябры № 4108-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
Жапаров Садыр Нургожоевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Исмаилова Аида Жекшенбаевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
__________________ - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Мадумаров Акрам Камбаралиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Темиралиев Талайбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна;
Муканбетов Санжар Турдокожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;
Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;
Чодуев Эркинбек Урайымович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна;
Бейшенов Жанат Саматович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин кызмат ордуна;
Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;
Айдарбеков Чингиз Азаматович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;
_______________ - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна;
Аскаров Замирбек Марипбаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;
Абдикаримов Сабиржан Токтосунович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;
Жаманкулов Азамат Капарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;
Исаков Каныбек Абдуваситович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;
Осмонбетов Эмил Кубатович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасы пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;
Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3874-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |