Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 3970-VI
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК (мындан ары УЭХК) берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3414-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК (мындан ары "УЭХК" ААК) берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы А.У.Жапаровдун маалыматын угуп, ошондой убактылуу депутаттык комиссиянын 2020-жылдын 19-мартындагы, 10, 12 жана 24-июнундагы чечимдерин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республиканын Өкмөтүнө:
1) төмөнкүлөрдү пландоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктасын:
- Кыргыз Республиканын экономикасынын жана калктын отун-энергетикалык ресурстарын (мындан ары ОЭР) болгон керектөөлөрүн;
- ОЭР өндүрүүнү;
- сунуштасын:
- көмүр сатып алууларды жүргүзүүдө бааларды төмөнкүдөй формула боюнча түзүүнү: чыккан жериндеги баасы, транспорт чыгымдары, салыктар, рентабелдүүлүк деңгээли 15% ашык эмес;
- көмүрдү жеткирүүчүлөрдөн Лондон биржасында аккредитацияланган көз карандысыз лабораториялардан сапаты боюнча алынган техникалык корутундусун көрсөтүүнү талап кылууну;
2) республиканын экономикасынын жана калктын ОЭР болгон керектөөлөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү, бул керектөөнү кийинки жылга камсыз кылуу жана аны 1-июндан кеч эмес бекитүү тартибин бекитсин;
3) төмөнкүлөрдү караган электр энергетикасы тармагын кайра түзүмдөштүрүүнү аяктасын:
- "Кыргызстан УЭТ" ААК курамындагы БЭКтен кубаттуулугу 35 кВ болгон электр тармагын өткөрүп берүүнү ("Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамына ылайык);
- кайчылаш субсидиялоону жокко чыгаруу максатында Бишкек шаарындагы ЖЭНди жана Ош шаарындагы ЖЭБди Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына (өткөрүп берүүнү;
- турак-жай-коммуналдык чарбасынын (ТКЧ) тармактык эмес объекттерин жана "Электр станциялар" ААКтын балансында турган буу казандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнү;
- "УЭХК" ААКнын базасында алардын туунду коомдорун этап-этабы менен бириктирүү жапа алардын активдерин жана акцияларын өткөрүп берүү жолу менен акционердик коом формасында бирдиктүү Улуттук энергетикалык компанияны түзүүнү;
4) кыска мөөнөттө төмөнкүлөр үчүн электр энергиясынын дүң рыногун түзсүн:
- электр энергиясынын дүң рыногунун эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- электр энергиясынын дүң рыногунун инфратүзүмүн уюштуруу;
- электр энергиясынын дүң рыногунун түзүү;
5) Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан Камбар-Ата ГЭС-2нин 2-гидроагрегатын орнотууга кредиттик каражаттарды бөлүп берүү мүмкүндүгүн карасын;
6) Кыргыз Республикасынын төмөнкү Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыксын:
- тармакта сунушталган реформаларды эске алуу менен "Электр энергетикасы жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 1-сентябрына карата киргизсин:
- ЕАЭБ регионалдык электр энергетикасы рыногун түзүүнү эске алуу менен аны андан ары өнүктүрүү үчүн рынокту жана рыноктук түзүмдөрдү жана шарттарды түзүүнү;
- жеке энергокомпаниялардын тармакты өнүктүрүүдө жана көйгөйлөрдү чечүүдө катышуусу үчүн шарттарды;
7) 2020-жылга жана андан ары электр энергиясынын жоготууларынын ченемдерин бекитсин;
8) 2020-жылдын төртүнчү кварталында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төмөнкүлөрдү киргизсин:
- ушул мезгилдин жылдары боюнча 2035-жылга чейин экономиканы өнүктүрүү программасын жана экономиканын жана калктын электр энергиясына болгон керектөөлөрүн;
- курулуш программасын:
- аларды жакынкы беш жылда ишке киргизүү менен ЭКБ өнүктүрүү программасы боюнча чакан электр станцияларын;
- экономиканы жана калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 2035-жылга чейинки мезгилде ГЭСти жана ЖЭСти;
9) төмөнкү ченемдик укуктук актыларга (мындан ары ЧУА) өзгөртүүлөрдү киргизсин:
- мамлекетке жарым-жартылай же толугу менен таандык болгон уюмдарга чет өлкөлүк банктардан кредиттерди алууга келишимдерди түзүүгө тыюу салууну караган;
- кредит алуучунун аларды өз алдынча тескөө укугун чектеген шарттарда;
- "аягына чейин чыгаруу" (ЕРС) жумуштарын каржылоого жана аткарууга.
- кубаттуулугу 110 кВ жана андан жогору электр станцияларын, электр тармактарын куруунун жана реконструкциялоонун долбоордук-сметалык документтерин (ДСП) экспертиза жүргүзүүнүн милдеттүүлүгүн.
10) аларга долбоорлордун маселелери кирбеген ведомстволор менен ЧУА долбоорлорун макулдашууну жокко чыгаруу менен, ЧУА бекитүү жөнүндө тартипке өзгөртүүлөрдү киргизсин;
11) "Электр энергияларынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы № 335 токтомунун 2-тиркемесине "Электр станциялар" ААК жеткирилген жана "Кыргызстан УЭТ" ААК өткөрүп берилген электр энергиясы үчүн БЭК тарабынан ай сайын толук төлөөнү караган өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын УКМК Башкы тергөө кызматы "КЖБТ" АМС катталган № 03-820-2019-000456 ишти кароонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 1-сентябрына чейин маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) сатып алуулар порталынын ишин төмөнкү бөлүгүндө тутумдаштырсын:
- планда каралбаган сатып алуулардын болтурбоону;
- башка жеткирүүчүлөрдү басмырлаган критерийлерди белгилегенде мындай конкурстук документтерди жарыялоого бөгөт коюуну;
- келишимдердин жана айып пул төлөмдөрүнүн аткарылыш мөөнөттөрүн контролдоо боюнча модулду киргизүүнү;
- квалификациялык талаптарга ылайык келбеген жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) катышууларына бөгөт коюуну;
2) энергетиктер алган гранттарды жана кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү механизмин:
- гранттар боюнча төлөмдөрдү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) шарттарында жүргүзүү;
- кредиттер боюнча негизги суммаларды жылдыруу жана туумдарды жана айып пулдарды эсептен чыгаруу менен, 2020-2030-жылдарга туура келген төлөмдөрдүн графиги боюнча "Кыргызстан УЭТ" ААК жана "Электр станциялар" ААК боюнча милдеттенмелерди комплекстүү кайра түзүмдөштүрүүнү жүргүзүү;
- кредиттер түрүндө энергетикалык компанияларга берилип жана мурда берилген гранттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үлүшүн негизги капиталга төгүмдөр түрүндө көбөйтүү.
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети:
1) Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына киргизсин:
- "Энергетика жөнүндө" жана "Электр энергетикасы жөнүндө":
- "энергиянын/электр энергиясынын жоготуулары", "энергиянын/электр энергиясынын жоготууларынын ченеми" жана "ЭКЭАМЧТ" (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-ченөө тутуму) деген терминин;
- электр энергиясынын жоготуулары жана ЭКЭАМЧТ боюнча дайындалышын, талаптарды жана колдонууну белгилеген беренелерди;
- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамга 110 кВ жана андан жогору кубаттуулуктагы электр жабдууларын оңдоону лицензиялоо боюнча сунуштарды;
2) төмөнкүлөрдү караган ЧУА иштеп чыксын жана бекитсин:
- 1 (бир) айдын ичинде электр энергиясынын жоготууларынын ченемин эсептөө боюнча методиканы;
- пландык-алдын ала ремонттордон (ПАР), капиталдык ремонтко бөлүүнү кошпогондо, сарптоолорду капиталдаштыруу шарты менен ремонтту түрлөргө бөлүүдөн жана техникалык абалынын натыйжалары боюнча жумуштардын көлөмдөрүн аныктоодон баш тартууну;
- белгиленген мөөнөттө иштеп чыккан электротехникалык жабдуулардын калдык ресурсун жана менчик ээсинин кийинки аракеттерин баалоону;
3) төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
- Электр энергиясынын дүң рыногунун эрежелерин;
- 35 кВ жана андан жогору кубаттуулуктагы чакан станциялардын бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнө туташтырылган электр өткөрүүчү линиялары менен тейленүүчү жана БЭК бекитилүүчү аймактын чек араларын аныктоо боюнча жобону;
4) 110 кВ жана андан жогору кубаттуулуктагы трансформаторлорду жана башка жабдыктарды ремонттоо боюнча адистештирилген уюмду түзсүн;
5) Энергетика жана экономика илим изилдөө институту (ЭЭИИ) төмөнкүлөр үчүн жооптуу деп аныкталсын:
- энергетика чөйрөсүндө техникалык эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана ремонттоо, технологиялык башкаруу боюнча ЧУА жана ченемдик техникалык документтердин, эмгекти коргоо жаатында саналган багыттар боюнча өлчөмдөрдүн жана ченемдердин номенклатурасын аныктоо, алардын тапшырыкчынын же жогоруда көрсөтүлгөн документтерди учурдагы жана келечектеги талаптарга ылайык күтүү үчүн жооптуунун иштеп чыгуусу үчүн;
- саналган багыттар боюнча документтердин долбоорлорунун экспертизасы үчүн;
- жоготуулардын жана ОЭР болгон керектөөнүн ченемдеринин долбоорлорунун экспертизасы үчүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
1) ӨИӨ (өзүн-өзү которгон изоляцияланган өткөргүчтөр) маркасындагы же изоляцияланган өткөргүчтөрдү гана колдонууну кароо менен, 0,4 кубаттуулуктагы электр тармактарын долбоорлоо ченемдерин;
2) долбоорлоодо электр энергиясынын жоготуусуна ченемдердин экономикалык негизделген эсептик чоңдуктарын бекитсин жана электр өткөргүчтөрдүн линияларын кыркууну тандоо методикасында бул ченемдерди карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК:
1) электр энергиясынын жоготууларын төмөндөтүү боюнча тармактык программаны иштеп чыксын жана бекитсин;
2) мыйзамдарга ылайык электр энергетикасы уюмдары үчүн төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
- өндүрүштүк иш үчүн зарыл болгон ЧУА регистрин;
- уюмдардын ведомстволук стандарттарынын реестрин;
- төмөнкүлөрдү кошуп алганда, тейленүүчү электр тармактарынын көлөмүнө жана административдик-башкаруу персоналынын (АБП) эмгек акысынын катнашына жараша энергокомпаниялардын персоналынын, энергокомпаниялардын (түзүмдөрдүн) санынын ченемдерин эсептөө боюнча жобону:
- бөлүмдөрдүн жама кызматтардын минималдуу санына талаптарды;
- республиканын мыйзамдарында каралган бөлүмдөрдүн (кызматтардын) болушун;
- түзүмдүк бөлүмдөрдү (ишканалар жана РЭТ (райондук электр тармактары) түзүүнүн мүмкүндүгүн негиздеген талаптарды;
- электр тармактарын сезондук аткарыла турган ремонттоону башка адистештирилген уюмга өткөрүп берүүнү;
- электр тармактарын техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча белгиленген талаптарга туура келген "Шарттуу бирдиктерди эсептөө боюнча методиканы" (же тейленүүчү тармактардын эмгек түйшүгүн аныктоого мүмкүндүк берген башка документти);
3) колдонуудагы "Кыргыз Республикасынын энергетика тутумунун энергияны өндүргөн, берген жана бөлүштүргөн уюмдарынын ишиндеги бузулууларды териштирүү жана эсепке алуу боюнча эрежелерди" жокко чыгарсын, республиканын мыйзамдарында каралган ушул жааттагы ЧУА иштеп чыксын жана бекитсин:
- "Электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр менен камсыз кылуу жана керектөөчүлөргө келтирилген чыгымдардын ордун толтурууда Келишимдин (контракттын) шарттарын бузуу жөнүндө арыздарды эсепке алуунун тартиби жөнүндө" нускаманы;
- электр энергиясын жетишсиз берүүнү эсептөөнүн методикасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган электр тармактарынын жана станцияларынын ишинде болгон бузуулардын учурларын иликтөөнүн эрежелерин;
- жеке энергокомпаниялардын катышуусу менен электр энергиясынын жоготууларын азайтуу жана алардын 35-110 Кв кубаттуулуктагы электр тармактарын куруусунун эсебинен техникалык шарттарды (ТШ) берүүдө чектөөлөрдү алуу боюнча программаны иштеп чыксын;
5) Азия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (АӨБ) долбоорлорунун компоненттери менен каралган сунуштардын аткарылгандыгын жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2021-жылдын январында отчет берсин:
- Кыргыз Республикасынын энергетика секторун комплекстүү өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгууну;
- бизнес-процесстерди баалоону жана башкарууну модернизациялоо;
- энергокомпаниялардын активдерине инвентаризация жүргүзүү жана кайра баалоо;
- "Кыргызстан УЭТ" ААК финансылык туруктуулугун жана башкаруучулугун жогорулатуу.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги:
1) электр энергиясын бөлүштүрүүгө жана сатууга лицензиясы бар дүң сатып алуучулар-сатуучулар (ДСС) жана керектөөчүлөр-кайра сатуучулар (КК) деген терминдерди жана түшүнүктөрдү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирсин;
2) учурдагы жылдын август айынан кечиктирбестен кийинки жылга техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү (мындан ары ТЭК) бекитүү мөөнөтүн белгилесин;
3) энергокомпаниялар үчүн 3-5 жылдан узагыраак мезгилге ТЭК бекитүү маселесин иштеп чыксын;
4) энергокомпаниялардын бюджетин түзүүнүн колдонуудагы методунан жана капиталдын инвестицияланган кирешелүүлүк методуна өтүүдөн баш тартуу боюнча чечимдерди карасын жана кабыл алсын;
5) электр энергиясынын жоготууларынын БЭКтин каржы абалына таасир этүүсүн азайтуу үчүн акыркы керектөөчүлөр үчүн азыркы убакта колдонулуп жаткан тарифти төмөнкүдөй экиге бөлсүн:
- артыкчылыктуу туруктуу жана акыркы керектөөчүлөрүнө жеткирилчү электр энергиясынын чоңдугунан көз карандысыз кызмат көрсөтүүгө тарифти;
- электр энергиясына тарифти;
6) экономиканын жогорку кирешелүү тармактары (алтын казуу, алкоголь тармактары) үчүн жогорулатылган тарифтерди белгилесин жана керектөөчүлөр үчүн көп баскычтуу, күндүзгү жана түнкү, сезондук жана регионалдык тарифтерди колдонууну карасын. Бир айда бир жолу инфляциянын деңгээлин жана валюта курсун эске алган тарифтерди индексациялоону камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Россиянын Саяно-Шушенск ГЭСиндеги авариянын келип чыгуу себептери жана өнүгүшү Токтогул ГЭСинде болгондугу же жок экендиги, аларды жоюунун жана анын абалынын коопсуздугун баалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2021-жылдын январында маалымат берсин.
10. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК:
1) ар бир электр тармагындагы компания боюнча электр энергиясынын жоготууларынын ченемдерин эсептөөлөрдү аткарсын жана бекитсин;
2) жеке энергокомпаниялардын катышуусу менен электр энергиясынын жоготууларын төмөндөтүү жана алардын 35-110 Кв кубаттуулуктагы электр тармактарын куруусунун эсебинен ТШ берүүдө чектөөлөрдү алуу боюнча программаны иштеп чыксын;
3) АБП персоналынын санын, коомдордун түзүмүн жана персоналдын эмгек акы төлөө шарттарын бекитилген жобого ылайык келтирсин;
4) аны аткарган жылдын сентябрынан кечиктирбестен энергокомпаниялардын бюджетин бекитүү мөөнөтү белгиленсин;
5) коом бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарына өткөн жылдан тартып электр тармактарында аткарылган капиталдык ремонттордо кетирилген сарптоолорду капиталдаштыруу боюнча бухгалтердик эсептин талаптарын аткарууну камсыз кылсын жана өзгөртүүлөрдү киргизсин;
6) "Электр станциялары" ААК жана "Кыргызстан УЭТ" ААК алдындагы карыздарынын бардык суммасын эки жыл ичинде БЭКке төлөөнү камсыз кылсын;
7) сатып алуулардын реалдуу суммасын аныктоо максатында (сатып алуулардын түрлөрү жана методдору боюнча) жылдык мамлекеттик сатып алуулардын эсептерин жүргүзүүнү энергокомпанияларга тапшырсын;
8) энергокомпаниялар боюнча мамлекеттик сатып алуулардын аналитикалык маалыматын бирдиктүү эсепке алууну жүргүзсүн.
11. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |