Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4136-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-октябры № 4111-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исаев Канатбек Кедейкановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исаев Канатбек Кедейканович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдаев Мыктыбек Юсуповичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" № 4104-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |