КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-октябры № 4118-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" № 195 Жарлыгын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 13-октябрындагы № 4109-VI токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" № 195 Жарлыгын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 13-октябрындагы № 4109-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| К.Исаев |