Редакцияот 28.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 28-октябры № 4132-VI

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Абдрахматова Атыр Болотбековнаны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жапа референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өз каалоосу боюча кат жүзүндө берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Абдрахматова Атыр Болотбековна ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

К.Исаев