КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-октябры № 4119-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
Бердиев Аккулу Тагаевичтин
Карыбеков Арзыбек Кенжекуловичтин ант берүүсү;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовду кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна К.Т.Зулушевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна дайындоого жактыруу үчүн сунуш кылынган Тилек Мурсалиевич Токтогазиевдин талапкерлиги жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн суракка чакыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| К.Исаев |