Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-ноябры № 4146-VI
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртуүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун -биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Д.Д. Бекешев, М.И. Бакиров, Т.З. Зулпукаров, А.Т. Мамашова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2019-жылдын 25-ноябрындагы № 636 токтому) демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана экинчи окууда кароо үчүн штардг^б эске алуу менен жеткире Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | М.И. Бакиров
|