Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-ноябры № 4151-VI
"Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.Ш.Абдыкеримов, А.Ш.Осмонова, А.А.Арапбаев, А.У.Жапаров, М.А.Маматалиев, К.К.Иманалиев, А.М.Нурбаев, И.А.Пирматов, С.И.Сулейманов, С.Шер-Нияз, Ж.А.Мусабекова, Жунус уулу Алтынбек, Дж.А.Бакчиев, А.К.Дюшалиев, Н.О.Сыдыгалиев, М.К.Жеенчороев, Б.К.Райымкулов, Д.Д.Бекешев, С.А.Айдаров, К.Дж.Рыспаев, А.Б.Баатырбеков, Н.В.Никитенко, Э.Т.Токтошев, З.Э.Шарапов, Ж.К.Акаев, А.Т.Сулайманов, И.И.Матраимов, А.М.Эргешов, А.А.Карашев, К.Ш.Баймуратов, И.Т.Гайпкулов, Б.С.Турусбеков, А.Ж.Акматов, К.Т.Зулушев, С.К.Ибраев, М.Э.Мавлянова, А.Т.Мамашова, С.К.Нышанов, П.Р.Тулендыбаев, К.С.Нурматов, Т.А.Масабиров, Ч.А.Турсунбеков, Т.Г.Тиллаев, Р.А.Казакбаев демилгелеген "Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |