Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-ноябры № 4153-VI
"Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, Ж.К.Акаев, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, К.К.Керезбеков, А.Т.Сулайманов, И.Ш.Омуркулов демилгелеген "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбооруна келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |