Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-ноябры № 4134-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын балык уулоо, балык запастарын коргоо, көбөйтүү жана балык уулоо туризмин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4139-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4150-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |