Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-ноябры № 4155-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө;
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |