Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 4165-VI
2020-жылдын 12-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 12-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Ч.Ч.Урумкалиева - КСДП парламенттик фракциясынан;
М.А.Маматалиев - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;
С.С.Анарбаев - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
О.Ж.Турдумамбетов - "Өнүгүү-Прогресс парламенттик фракциясынан;
А.Ж.Акматов - "Бир Бол'' парламенттик фракциясынан;
Ө.Ч.Текебаев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |