Редакцияот 26.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 26-ноябры № 4181-VI

2020-жылдын 26-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 26-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

С.М.Джураев - КСДП парламенттик фракциясынан;

А.Т.Бердиев - "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

Б.Нурдинов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Н.И.Арзыбаев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;

Э.С.Тагаев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;

И.Т.Гайпкулов - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

М.Бакиров