КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-декабры № 4212-VI
2020-жылдын 3-декабрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 3-декабрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн:
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
С.М. Джураев – КСДП парламенттик фракциясынан;
А.Т. Бердиев – “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынан;
М.Н. Койчуманов – “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;
У.Ч. Исмаилов – “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан;
Э.С. Тагаев – “Бир Бол” парламенттик фракциясынан;
Э.Т. Токтошев – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан.
Төрага | М.И. Бакиров |