КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-декабры № 4252-VI
2020-жылдын 16-декабрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 16-декабрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Ч.Ч.Урумкалиева - КСДП парламенттик фракциясынан;
А.Т.Бердиев - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
У.Ч.Садиков - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Н.И.Арзыбаев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Э.С.Тагаев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |