Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-декабры № 4254-VI
"2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 19-июнундагы № 349 токтому) "2019-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |