Редакцияот 06.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 6-октябры № 4104-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдаев Мыктыбек Юсуповичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдаев Мыктыбек Юсупович жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джумабеков Дастанбек Артисбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" № 1931-VI токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

М.Бакиров