КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-декабры № 4291-VI
2020-жылдын 24-декабрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жылдын 24-декабрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Ч.Ч.Урумкалиева - КСДП парламенттик фракциясынан;
А.Т.Бердиев - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
Б.Нурдинов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
У.Ч.Исмаилов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Э.С.Тагаев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |