Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-декабры № 4268-VI
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 6-ноябрындагы № 538 токтому) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджетинин кирешелери 62496443,5 миң сом жалпы суммада, ИДӨ карата 9,8 пайыз салыштырма салмакта;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджетинин чыгымдары 62495888,8 миң сом жалпы суммада, ИДӨ карата 9,8 пайыз салыштырма салмакта;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджетинин тартыштыгынын өлчөмү 554,7 миң сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте:
- төмөндөгүлөр боюнча чараларды көрсүн:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин орто жана узак мөөнөттүк келечекте турукташтыруу боюнча;
жарандарды пенсиялык камсыз кылууну жакшыртуу боюнча;
пенсиянын минималдык деңгээлин жашоо минимумунун деңгээлине чейин жогорулатуу боюнча;
аскер кызматчыларын пенсиялык камсыз кылууну иштеген жылдарды бара-бара көбөйтүү менен реформаны жүргүзүү боюнча;
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонд боюнча андан аркы саясатты өнүктүрүү боюнча;
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык тутумун реформалоого багытталган мыйзам долбоорлорун киргизүүсүн тездетсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI Кыргыз Республикасынын "2019-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна багытталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшкөн көлөмүнүн 3 пайызын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан алып коюуну алып салуу бөлүгүндө аткарууну камсыз кылсын.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |