Редакцияот 17.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 17-декабры № 4270-VI

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 10-июнундагы № 321 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети кабыл алынган жана жыйналышта айтылган жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

М.Бакиров