Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-декабры № 4275-VI
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 18-ноябрындагы № 567 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджетинин кирешелери 15433850,5 миң сом жалпы суммада, ИДӨ карата 2,4 пайыз салыштырма салмакта;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгымдары 15433850,5 миң сом өлчөмүндө, ИДӨ карата 2,4 пайыз салыштырма салмакта.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- төмөнкүдөй чаралардын комплексин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин:
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуудагы финансылык ажырымды ырааттуу кыскартуу боюнча;
саламаттык сактоо секторун өнүктүрүү стратегиясы боюнча;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Турмуштук маанилүү дары каражаттарынын тизмеги боюнча бир булактан медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштурулган сатып алууларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна ыйгарым укуктарды жана функцияларды берүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- Россия-Кыргыз фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өнүктүрүү өз ара аракеттенүү жана кызматташуу аркылуу бинттерди жана кебезди өндүрүү маселеси тууралуу сунушту киргизсин;
- таасирдүү камсыздандыруу элементтерин киргизүү менен милдеттүү медициналык камсыздандырууну андан ары өнүктүрүүнүн, жарандардын социалдык аялуу категориялары үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүнүн өлчөмүн бара-бара көбөйтүүнүн концепциясын иштеп чыксын;
- Бирдиктүү төлөөчү системасында медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр катары мамлекеттик жана жекече медициналык уюмдардын катышуусуна бирдей шарттарды камсыз кылсын;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын республикалык бюджеттен өз убагында жана толук финансылоого контролду камсыз кылсын;
- "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруучу жана катардагы курамына кирген адамдарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотууга тиешеси бар нормаларын кайра карасын жана жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерди жүктөө жагында тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI токтомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык фондуна багытталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшкөн көлөмүнүн 3 пайызын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан алып коюуну алып салуу бөлүгүндө аткарууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |