КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-январы № 4304-VI
2021-жылдын 13-январында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 13-январында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
С.М.Джураев - КСДП парламенттик фракциясынан;
А.Т.Бердиев - "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
У.Ч.Садиков - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Н.И.Арзыбаев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Э.С.Тагаев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Н.О.Сыдыгалиев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |