Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-январы № 4332-VI
К.Т. Осмоналиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Осмоналиев Камиль Турдубекович Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилсин.
Төрага | А.К. Касымалиева
|