Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-январы № 4319-VI
“2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 24-августундагы № 432 токтому) “2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.К. Касымалиева
|