Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
2010-жылдын 24-февралындагы № 34 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү1998-жылдын 16-июну N 80 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр толуктоолор киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1-статья. "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жарыялоо тартиби жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининВедомосттору, 1997-жыл, N 2, 116-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 3-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын: "3-статья. Төмөнкү мыйзамдар: 1) адамдын жана граждандын укуктарына, эркиндиктерине жана милдет-терине; 2) бажы максаттары үчүн товарларды классификациялоого же аларгабаа берүүгө же бажы алымдарынын, салыктарынын же башка жыйымдарынынставкаларына, же импорттоону же экспорттоону же ага байланыштуутөлөмдөрдү которууга же аларды сатууга, жайылтууга, транспорт менен та-шууга, камсыздандырууга, кампага жыйноого, инспекциялоого, көргөзмөгөкоюуга, кайра иштетүүгө, аралаштырууга же башкача пайдаланууга тиешелүүталаптарга, чектөөлөргө же тыюу салууларга; 3) бажы ишине, демпингге каршы, коргоочу, компенсациялоочу чара-ларга, стандартташтырууга жана сертификациялоого, санитардык жана фито-санитардык чараларга тиешелүү, ошондой эле тышкы соодага тиешелүү башкамыйзамдар милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Эгерде мыйзамдын өзүндөже аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башкача каралба-са, Кыргыз Республикасынын мыйзамы жарыяланган учурдан тартып он күнөткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2 жана 3-пунктчаларында каралганмыйзамдар, ден соолукту, айлана-чөйрөнү коргоого жана улуттук коопсуз-дукка байланыштуу чукул жагдайларды албаганда, жарыяланган учурдан тар-тып он беш күн өткөндөн кийин гана күчүнө кирет". 2-статья. (КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3-статья. Ушул Мыйзам ал жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн ки-йин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзү бастырып чыгарган ченемдик укукактыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев 1998-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган