Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-февралы № 4356-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Марипов Улукбек Асамидинович тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.
2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4114-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов
|