Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-февралы № 4357-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринен – экономика жана финансы министринен;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен –министринен;
Кыргыз Республикасынын министрлеринен;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасынан.
3. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4115-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов
|